Соттук статистиканын маалыматына ылайык[1], 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштер жалпы соттун өндүрүшүндө турган кылмыш иштердин 1,5% түзгөн, ал эми 2021-жылы алардын үлүшү 0,9% чейин азайган. Эгерде, 2019-жылы биринчи инстанциядагы сотторго үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан 140 иш келип түшсө, 2021-жылы 109 иш келип түшкөн, демек 22% азайган.
Биринчи инстанциядагы сотторго келип түшкөн жалпы жоруктар жөнүндө иштердин ичинен үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштердин үлүшү 2019-жылы 16%дан 2021-жылы 19%га чейин көбөйгөн. Жоруктар үчүн жалпы соттолгондордун ичинде үй-бүлөлүк зомбулук менен соттолгондордун үлүшү 2021-жылы 13% (237 адамды) түзүп, 2019-жылга караганда 58% (150 адамга) көбөйгөн.
Өкүм чыгаруу менен каралган үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү жоруктардын үлүшү үч жыл аралыгында 2019-жылы 26%дан 2021-жылы 23%га чейин төмөндөгөн[1]. Ошол эле учурда кыскартылган иштердин үлүшү жогорулоо тенденциясында болгон. Эгерде 2019-жылы соттор тарабынан 67% үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан жоруктар жөнүндөгү иштер кыскартылса, 2021-жылы 76% иш кыскартылган.Биринчи инстанциядагы соттор тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулук менен байланышкан иштерди кароо боюнча статистикалык маалыматтар менен кененирээк төмөндөгү шилтеме боюнча Жогорку соттун сайтынан таанышсаңыздар болот: http://sot.kg/statistics/main/index.php.
Макаланын PDF форматындагы толук текстин бул жерден көчүрүп алсаңыз болот.