Материалы / Публикации

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча иштерди соттор кандайча карашат?

   Үч жыл аралыгында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу биринчи инстанциядагы соттор тарабынан каралган кылмыш иштердин саны 23% азайган, ошондой эле кыскартылган иштердин үлүшү да 55% азайып, 2021-жылы каралып бүткөн иштердин жалпы санынын 26% түзгөн. Ошону менен бирге үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан жоруктарды кароо боюнча соттордун иш жүктөмү 82%, ал эми аталган категориядагы кыскартылган иштердин үлүшү 76% чейин көбөйгөн.
   Кыргыз Республикасынын соттору өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде үй бүлөлүк зомбулук менен байланышкан кылмыш жана укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карашат.
   Күчүндө турган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесинин диспозициясына ылайык үй-бүлөлүк зомбулукту жасагандыгы үчүн күнөөлүү адам 40 саатка коомдук иштерге тартылат, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алынат. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулук ден соолукка анча оор эмес залал алып келсе, анда жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесине ылайык белгиленет жана эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
   Мындан тышкары, соттор ички иштер органдары тарабынан берилген убактылуу коргоо ордерлеринин шарттарын аткарбагандарга жана үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарды түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тарткан адамдарга карата укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.

   Соттук статистиканын маалыматына ылайык[1], 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштер жалпы соттун өндүрүшүндө турган кылмыш иштердин 1,5% түзгөн, ал эми 2021-жылы алардын үлүшү 0,9% чейин азайган. Эгерде, 2019-жылы биринчи инстанциядагы сотторго үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан 140 иш келип түшсө, 2021-жылы 109 иш келип түшкөн, демек 22% азайган. 


   Үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштер боюнча соттор айыптоо өкүмдөрүн көп чыгарышып, аларды кыскартуу боюнча актыларды азыраак чыгарышкан. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу каралып бүткөн иштердин структурасында, өкүм чыгаруу менен каралган кылмыш иштердин үлүшү 2019-жылы 52%дан 2021-жылы 66%га чейин көбөйгөн. Ал эми соттор тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кыскартылган кылмыш иштердин үлүшү 3 жыл аралыгында 55%: 2019-жылы 53 иштен 2021-жылы 24 ишке чейин азайган.  

   Ошондой эле статистикалык маалыматтардан тергөөдө жол берилген кемчилдиктерди жоюу үчүн прокурорго кайтарылган иштердин үлүшү акыркы 3 жылда эки эсеге – 4%дан 2%га чейин азайгандыгы көрүнөт.
Булак: http://sot.kg/statistics/main/index.php
   2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн 66 адам соттолгон, алардын ичинде эркектер басымдуулук кылган – 55 адам. Ошол эле убакта, анализ жүргүзүлгөн мезгилде жогоруда аталган категориядагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон эркектердин үлүшү 92%дан 83%га чейин төмөндөгөн.
Булак: http://sot.kg/statistics/main/index.php
   Акыркы үч жыл аралыгында үй-бүлөлүк зомбулук жаатындагы жоруктар жөнүндө каралып бүткөн иштердин саны көбөйгөн. Эгерде, 2019-жылы соттор тарабынан аталган категориядагы 576 жоруктар жөнүндө иштер каралып бүтсө, 2021-жылы – 1049 иш каралган, 2019-жылга караганда 473 ишке же 82,1% көбөйгөн.

   Биринчи инстанциядагы сотторго келип түшкөн жалпы жоруктар жөнүндө иштердин ичинен үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштердин үлүшү 2019-жылы 16%дан 2021-жылы 19%га чейин көбөйгөн. Жоруктар үчүн жалпы соттолгондордун ичинде үй-бүлөлүк зомбулук менен соттолгондордун үлүшү 2021-жылы 13% (237 адамды) түзүп, 2019-жылга караганда 58% (150 адамга) көбөйгөн.

   Өкүм чыгаруу менен каралган үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү жоруктардын үлүшү үч жыл аралыгында 2019-жылы 26%дан 2021-жылы 23%га чейин төмөндөгөн[1]. Ошол эле учурда кыскартылган иштердин үлүшү жогорулоо тенденциясында болгон. Эгерде 2019-жылы соттор тарабынан 67% үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан жоруктар жөнүндөгү иштер кыскартылса, 2021-жылы 76% иш кыскартылган.

   Тергөөдөгү боштуктарды толтуруу үчүн прокурорго кайтарылган жоруктар жөнүндө иштердин үлүшү 2019-жылдагы 7%дан 2021-жылы 1%га кыскарды.
Булак: http://sot.kg/statistics/main/index.php
   Үч жыл аралыгында үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан жоруктарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдардын саны 58% көбөйгөн: 2019-жылы 150 адамдан 2021-жылы 237 адамга чейин. Аталган жоруктар боюнча эң көп соттолгондор 2020-жылы болгон – жалпы 290 адам. Үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан жоруктарды жасагандыгы үчүн соттолгондордун ичинен 2021-жылы аталган категориядагы жоруктарды жасагандыгы үчүн жалпы соттолгондордун 95% эркектер түзгөн. Соттолгон аялдардын үлүшү 2021-жылы 5% түзүп, ал эми 2020-жылы бул көрсөткүч 13% барабар болгон.
Булак: http://sot.kg/statistics/main/index.php

   Биринчи инстанциядагы соттор тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулук менен байланышкан иштерди кароо боюнча статистикалык маалыматтар менен кененирээк төмөндөгү шилтеме боюнча Жогорку соттун сайтынан таанышсаңыздар болот: http://sot.kg/statistics/main/index.php.



Макаланын PDF форматындагы толук текстин бул жерден көчүрүп алсаңыз болот.


Кыргызча жүктөө



[1] http://sot.kg/statistics/main/index.php