Материалы / Публикации

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын статистикасы эмне дейт?

   Алты жылдын ичинде зордуктоо боюнча соттолгондордун үлүшү эркинен ажыратуу түрү боюнча жазаны өтөп жаткан адамдардын жалпы санында эки эсеге өстү.
   Акыркы алты жылда кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруунун жана жазанын альтернативдик түрлөрүн киргизүүнүн фонунда абактагы контингенттердин саны 23%га төмөндөгөн. 2022-жылдын башына карата жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгондордун жалпы саны дээрлик 6,5 миң адамды түздү. Ошол эле учурда эркинен ажыратуу жазасын өтөп жаткандардын арасында зордуктоо боюнча соттолгондордун үлүшү өсүп жатат, алты жылдын ичинде ал эки эсеге өстү: 2016-жылдагы 4,7%дан 2021-жылы 9,5%га чейин. Бул категориядагы соттолгондордун бошотулгандан кийин кайра социалдаштыруу программаларын иштеп чыгууда өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

   Зордуктоо боюнча соттолгондордун басымдуу бөлүгү эркектер, ал эми зордуктоого шериктеш болгон аялдар да абакта жазасын өтөп жаткан учурлар бар.

   Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы 14 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды жасоо 15 жылга эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертет. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, бул категориядагы соттолгондорду бошотууда эч кандай жеңилдиктер каралбайт, аларга мунапыс, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу, ошондой эле жеңилирээк кылмыш кылгандар менен кошо бир колонияга которуу каралган эмес.

   Материал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан даярдалган.


Кыргызча жүктөө