Материалы / Публикации

Потенциалдуу зордукчуну катнип тааныса болот?

2022-09-04 20:10
   Акыркы 15 жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кризистик борборлорго аялдардын кайрылууларынын саны эки эсеге өстү: 2005-жылдагы 3595тен 2020-жылы 7729га чейин[1] . Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдардын көбү өзү тандаган адам үй тиранына айланышынын белгилерин билишкен эмес.
   Кыргызстандагы кризистик борборлор ассоциациясынын көп жылдык тажрыйбасы көрсөткөндөй, биздин борборлорго кайрылган аялдардын көбү жылдар бою зордук-зомбулукка кабылышкан. Алардын көбү зордук-зомбулуктун себебин өздөрүнөн издеп, үй-бүлөлүк зордукчуларга жагууга жана аларды ар кандай жол менен актоого аракет кылышкан. Аялдардын өмүр тарыхын талдоо учурунда, биздин кардарлар мамиленин башында эле бир нерсе туура эмес экенин сезишкен, бирок жетиштүү билимге ээ болбогондуктан, алар болочок үй тиранын тааный албай, аны менен болгон мамиледен баш тарта албагандыгын айтсак болот.
   Биздин уюм бала кезинде ала качкан, мажбурланган же турмушка чыккан аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон көптөгөн учурларды билет. Аялды никеге туруу үчүн ала качуу адатта психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулук менен коштолот. Ошондуктан, ала качкан аял калып, ага турмушка чыккандан кийин мындай жүрүм-турумунан баш тартат деген элестерге жол бербөө керек.
   Зордук-зомбулук, эреже катары, психологиялык формалардан башталат, мисалы, күйөөсү аялын басынтат, анын сырткы көрүнүшүн сындайт, кыйкырат, анын коомдук чөйрөсүн көзөмөлдөйт, жакындарына же балдарына начар кам көрөт деп күнөөлөйт. Экономикалык зомбулуктун эң көп кездешкен түрлөрү болуп аялды өз кирешесин жана мүлкүн тескөө укугунан иш жүзүндө ажыратуу, чыгашаларды толук көзөмөлдөө, үйдөн тышкары иштөөгө тыюу салуу саналат. Бийлик жана аялдын жүрүмтурумун көзөмөлдөө көбүнчө физикалык формада болот, алар оорутуу, уруп-сабоо, муштум, тепки же буюмдар менен, анын ичинде өлтүрүүгө чейин барышы мүмкүн. Жубайдын зомбулук көрсөтүүсү сексуалдык чөйрөдө да кездешет, анын ичинде аялды жыныстык катнашка мажбурлоо жана зордуктоо.



1.      Өнөктөш мамиленин башталышында тездик менен жакындап, кандайдыр бир учурларга шаштырып, жакындыкты талап кылып, басым жасайт.
2.      Сырткы келбетиңизди, сүйлөшкөн кыздарыңызды, туугандарыңызды сындайт, башка адамдар менен баарлашканыңызда нааразычылыгын билдирет, кайда жана ким менен жүргөнүңүздү дайыма билгиси келет, кызгануу көрүнүштөрүн кылат.
3.      Күнөөлүү сезимиңизди ойготот, көп учурда шылтоо айтууңузга туура келет, бардык маселелерде, мисалы, чач жасалгасын, кийим тандоодо анын пикирине көз каранды болуп каласыз.
4.      Үй-бүлөсүндө атасы апасын кемсинткенин же ур-токмокко алганын, ата-энеси же теңтуштары аны сабаганын, сүйбөгөнүн, таарынтканын, кемсинткенин, аны байкабагандыгын ж.б.у.с. нерселерди билесиз.
5.      Өнөктөшүңүздүн катышуусуз өз алдынча чечим кабыл албасыңызды байкайсыз, ал сиздин пикириңизди тоготпойт, ажырашам деп коркутат.
6.      Анын ачуусун келтирбеш үчүн сөзүңүздү, жүрүм-турумуңузду көзөмөлдөп калганыңызды байкайсыз. Ал сизге кыйкырып, түртүп, ыргытып, буттары менен катуу басып, колдорун башыңыздын өйдөсүндө булгалай алат.

Эгерде сизге психологдун жардамы керек болсо, ойлонбостон биздин адистерге кайылыңыз: +996 509 901 000; e-mail: acc.kg@mail.ru.
Кризистик борборлор Ассоциациясынын иши тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемени караңыз:
@AssociaonofCrisisCentersKG
@acc.kg
Автор: Кризистик борборлор Ассоциациясынын психологу И. Чебышева.

Бул басылма «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» КФ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, БУУнун жана Европа биримдигинин «Теңдик нуру» биргелешкен демилгесинин алкагында БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоо көрсөтүүсү астында даярдалды.


Кыргызча жүктөө


[1] Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. Статистический сборник «Женщины и мужчины Кыргызской Республики», 2005-2021. Доступно на сайте: http://www.stat.kg.