Ишеним телефонуна кайрылгандардын жалпы саны жылына 100 000 чалууларды түзөт. Ишеним телефону алгач балдар үчүн «кызмат» телефону катары түзүлгөнүнө карабастан, учурда зомбулукка кабылган жарандардын башка категорияларына – аялдарга, кары-картаңдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кызмат көрсөтүүдө. Ишеним телефонуна кызматтын компетенциясына тиешеси жок көптөгөн чалуулар келип түшүүдө, алардын бардыгы жардам алуу үчүн тийиштүү кызматтарга багытталат. Ишеним телефонунун компетенциясына тиешелүү чалуулар журналга катталат, анкета толтурулат. Ар бир учурда жардам көрсөтүлөт, консультациялар берилет.
Ишеним телефону ачылгандан бери катталган чалуулардын саны 2016-жылдагы 711 чалуулардан 2021-жылы 2584 чалууга чейин дээрлик төрт эсеге өстү. Чалуулардын туу чокусу – 5210 чалуу 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын учурунда жеткен. Көпчүлүк учурларда (69%дан ашык) чоңдор ишеним телефонуна чалышат, 2021-жылы балдардын чалууларынын үлүшү 31%ды түздү, бул 2016-жылга караганда 1,6 эсеге көп – 19%.
Ишеним телефонуна кайрылган аялдардын арасында кыздардын үлүшү 2019-жылдагы 13%дан 2021-жылы 31%га өскөн.
2021-жылы кайрылуулардын үчтөн биринен көбү (37%) социалдык жардам (ар кандай мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө, баланы же улгайган адамды социалдык мекемеге жайгаштыруу, ишке орноштуруу ж.б. гуманитардык (тамак-аш, көмүр менен камсыз кылуу), финансылык, юридикалык (ар кандай маселелер боюнча юристтердин консультациялары) жана башка жардам (турак жай издөө, психолог, логопед, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, балдарды издөө, балдарга жардам берүү каалоосу, ж.б.) маселелери боюнча түшкөн.
2021-жылы балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук боюнча арыздардын үлүшү 14% түзгөн. Психологиялык абал (психологиялык жактан жабыркоо) боюнча дээрлик ошончо кайрылуу (13%) катталган. Бул категориядагы чалуулардын көбү балдардан болгон. Алар таарыныч, коркуу, агрессия, жалгыздык, уялуу, өзүн күнөөлүү сезүү, тынчсыздануу, ата-эне менен урушуу же көңүл бурбоо сыяктуу сезимдерди башынан өткөрүшкөнүн айтышкан.
Ата-энелер балдары менен болгон чыр-чатакты чечүүнүн жолдорун издеп, ишеним телефонуна кайрылышкан (12%). Үй-бүлөлүк көйгөйлөр жана чыр-чатактар боюнча кайрылуулар 10%ды түздү.
Ишеним телефону ачылгандан бери келип түшкөн чалуулардын региондук бөлүштүрүлүшү дээрлик өзгөрүүсүз калды – чалуулардын жарымынан көбү (53%) Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан келген. Чалуулардын эң аз саны Баткен, Талас жана Нарын облустарынан (ар бири 2%).
Бул басылма “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, БУУнун жана Европа Бирлигинин “Теңдик нуру” биргелешкен демилгесин ишке ашыруунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фондусунун (ЮНФПА) техникалык колдоосунда даярдалды
[1] Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” мамлекеттик мекемеси
[2] https://mlsp.gov.kg/gosudarstvennoe-uchrezhdenie-tsentr-telefon-doveriya-dlya-detej-pri-ministerstve-truda-i-sotsialnogo-razvitiya-kr/