Новости

Семинар-совещания на тему «Межведомственная координация и базовые услуги для женщин и девочек, пострадавших от насилия» для пилотных сообществ Чуйской области.

Пилотные сообщества инициативы «Луч света» разрабатывают совместные планы по профилактике насилия с целью улучшения услуг для женщин и девочек, подвергшихся насилию.


       10,11 августа 2021 года в городе Бишкек Министерство здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики, Министерство внутренних дел Кыргызской Республики и ОФ «Центр исследования демократических процессов» в целях реализации совместной инициативы Правительства Кыргызской Республики, Организации Объединенных Наций и Европейского союза «Луч света» проводят семинар-совещание на тему «Межведомственная координация и базовые услуги для женщин и девочек, пострадавших от насилия».


       Целью семинара-совещания является разработка совместного Плана по профилактике насилия в отношении женщин и девочек. Программа семинара-совещания включает темы, направленные на улучшение понимания основополагающих принципов и стандартов базовых услуг для женщин и девочек, подвергшихся насилию, предоставляемых органами здравоохранения, социального развития и внутренних дел. Участники познакомятся с полномочиями и практической деятельностью органов местного самоуправления по профилактике семейного насилия и оказанию помощи пострадавшим, а затем разработают проекты планов для каждого айыльного аймака с учетом местной специфики и потребностей женщин и девочек.

       В семинаре-совещании принимают участие ведущий специалист отдела по гендерной политике и защите от семейного насилия МЗСР КР  Эгемназарова Жазгуль Амирбековна, начальник отдела квартальной милиции Службы общественной безопасности МВД КР, полковник милиции Алижанов Таалайбек Аскарбекович, начальник отдела по делам несовершеннолетних Службы общественной безопасности МВД КР, полковник милиции Адылова Нуржан Озубековна, главный специалист управления оказания медицинской помощи и лекарственной политики МЗСР КР Асылбашева Раиса Бейшеналиевна, а также сотрудники ОФ «ЦИДП».


       Ожидается, что в семинарах-совещаниях примут участие около 80 представителей айыл окмоту, женсоветов, судов аксакалов, членов местных комитетов по профилактике насилия, квартальных и старост сел пилотных сообществ Аламудунского и Сокулукского районов, а также сотрудники территориальных органов социального развития, здравоохранения и внутренних дел.


«Теңдик нуру» демилгесинин пилоттук жамааттары зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп жатышат

       2021-жылдын 10-11 августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» КФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин «Теңдик нуру» биргелешкен демилгесин ишке ашыруу максатында, «Зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөр жана ведомстволор аралык координациялоо» семинар-жыйынын өткөрүштү.


       Семинар жыйындын максаты, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен Планды иштеп чыгуу болуп эсептелет. Семинар жыйындын программасы саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана ички иштер органдары тарабынан зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин жана стандарттарын түшүнө билүүнү жакшыртууга багытталган темаларды камтыйт. Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана практикалык ишмердүүлүктөрү менен таанышышат, андан кийин жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү жана аялдар менен кыздардын муктаждыктарын эске алуу менен ар бир айылдык аймак үчүн пландардын долбоорлорун иштеп чыгышат.
 
       Семинар-жыйынга КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эгемназарова Жазгүл Амирбековна, КРнын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Кварталдык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Алижанов Таалайбек Аскарбекович, КРнын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жетелек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Адылова Нуржан Өзүбековна, КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык жардамды жана коомдук саламаттыкты сактоону уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Асылбашева Раиса Бейшеналиевна, ошондой эле ДПИБ КФ кызматкерлери катышышты.


       Семинар жыйындарга Аламудун жана Сокулук райондорундагы пилоттук жамааттардын айыл өкмөттөрүнүн, аялдар кеңештеринин, аксакалдар сотторунун өкүлдөрүнөн, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитетердин мүчөлөрүнөн, кварталдык комитеттерден, ошондой эле социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринен турган 80 чукул   адам катышуусу күтүлүүдө.