Материалы / Публикации

Кыргызстанда акыркы 20 жылда зордуктоо азайдыбы?

Маалымат мейкиндигинде өлкөбүздөгү зордуктоо фактылары боюнча түрдүү маалыматтар келтирилүүдө. Кээ бирөөлөр азайды дешсе, башкалары зордуктоо көбөйүп баратат дешет. Биз бул маселени чечишибиз керек.

 

   Акыркы 20 жылдын статистикасы боюнча катталган кылмыштардын жалпы түзүмүндө зордуктоо үлүшү жылына 1%га жакынды түзүп, 340ка чейин зордуктоо катталган: 2002-жылы – 323, 2010-жылы – 314, 2014-жылы – 334, 2018-жылы – 235[1] . Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2021-жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 632 зордуктоо катталган[2]. Бир караганда, 2018-жылга салыштырмалуу зордуктоо 2 эсе көп көрүнүшү мүмкүн. Анткен менен эксперттер 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстери күчүнө кирип, кылмыштар жана жоруктар боюнча арыздарды каттоо тартиби бир топ өзгөргөнүн айтышат.
   2022-жылдын биринчи кварталында ички иштер органдары зордуктоо боюнча 31 кылмыш ишин козгогон, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 6 эсеге аз – 175 ишке. Зордуктоо 6 эсеге азайды деп айта алабызбы? Эксперттер "жок" дешет, анткени 2022-жылдын биринчи кварталында 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген жаңы кодекстер күчүндө эле, ал эми 2021-жылдын биринчи кварталында 2019-жылдын кодекстери дагы эле күчүндө болчу.
   Ошентип, укук коргоо органдарынын маалыматтары зордуктоонун таралышынын масштабын толук көрүүгө мүмкүндүк бербейт, анткени алар дүйнө жүзү боюнча кылмыштардын эң жашыруун түрлөрү катары классификацияланат. Зордуктоодон жабыркагандар адатта укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Жабырлануучунун болгон окуяны коомчулукка жарыялоону каалабагандыгы, жакындарынын, досторунун жана тааныштарынын каралоосунан коркуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин туура эмес жүрүм-турумуна кабылып калуудан коркуу, ошондой эле алардын кылмышкерди жазалоо мүмкүнчүлүгүнө ишенбөөчүлүктүгү үстөмдүк кылган факторлор  болуп саналат. Зордуктоо боюнча билдирилген статистика «айсбергдин учу» гана болуп саналат, ошондуктан, аны анализдеп жатканда маалыматтарга олуттуу таасир эте турган учурдагы ченемдик чөйрөнү эске алыш керек.


   Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан 2019-жылы Бишкек шаарында жүргүзүлгөн виктимологиялык изилдөө, эсептөөлөргө ылайык, жыныстык кылмыштар боюнча расмий маалыматтар аялдардын сурамжылоосунан 55 эсе аз экенин көрсөттү[3].
   Маселенин масштабын баалоо үчүн атайын изилдөөлөр жүргүзүлөт, бирок алар биздин өлкөдө эч качан жүргүзүлгөн эмес. 2021-2023-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планынын долбоорунда 2022-жылга Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методологиясы боюнча аялдарга карата зомбулук жана анын аялдардын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөө пландаштырылууда. Бирок бул план, ошол эле гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган эмес.

   “Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн” кыймылы аялдардын жана балдардын абалынын күндөн-күнгө начарлап баратканына тынчсызданып, гендердик өнүгүү боюнча стратегиялык документтерге кол коюуну күтөт жана Кыргыз Республикасынын Президенти бул маселени чечүү үчүн биз менен жолугушат деп үмүттөнөт.

Кыргызча жүктөө




[1] Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, ​​«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери» статистикалык жыйнактар, 2004-2020, «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулар жана укук тартиби, 2019. http://www.stat.kg/ru/publications/ сайтында жеткиликтүү
[2] Булак: https://www.prokuror.kg/ru
[3] Булак: http://www.stat.kg/ru/publications/viktimologicheskoe-issledovanie-v-gbishkek-i-pilotnyh-novostrojkah/