Материалы / Публикации

Үй-бүлөлүк зомбулук: акысыз жардам жаныңызда

   Психологдор зордук-зомбулукка кабылган аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча мамлекеттик жана коомдук уюмдарга кайрылууга чакырат. Үй-бүлөдөгү мамилени кол салуу, ур-токмокко алуу даражасына жеткирбей үй-бүлөлүк мамилени өзгөртүү, аялдын ден соолугун жана өмүрүн сактап калуу оңой.


   Эгерде аял күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынса, аялды үйдөн кууп чыкса, анда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, ал мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден алардын компетенциясынын чегинде юридикалык, социалдык, медициналык, психологиялык жардам алууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонууга укуктуу.

    «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга төмөнкүдөй акысыз кызматтарды көрсөтүүнү карайт:

Ички иштер органдары:
  • арызды кабыл алат жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгына жана аны жасаган адамга 3 күндүк мөөнөткө убактылуу коргоо ордерин берет жана анын шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөйт. Жабырлануучунун арызы боюнча убактылуу коргоо ордери 30 күнгө узартылат;
  • жабырлануучуга жардам көрсөтүү кызматтары жөнүндө билдирет жана анын макулдугу менен аны жардам көрсөтүүгө жиберет;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктан жабырлануучунун макулдугу менен алар үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын иштеген жерине чара көрүү үчүн, ошондой эле социалдык жана жергиликтүү бийлик органдарына маалымат жөнөтүшөт.

Жарандык сот өндүрүшүндөгү соттор төмөнкү доо арыздарды карайт:
  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды чогуу жашаган жерден убактылуу чыгаруу талабы боюнча;
  • жашы жете элек балдар менен байланышта болгон ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө;
  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жарандык мыйзамдарга ылайык аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө.

Прокуратура органдары:
  • ден соолугуна, жаш курагына же башка себептерге байланыштуу өз укуктарын жана эркиндиктерин сотто жеке өзү коргой албаган үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылышат.

Саламаттыкты сактоо уюмдары:
  • медициналык жардам көрсөтүшөт;
  • зомбулуктун кесепеттерин зомбулук/кыйноо жана ырайымсыз мамиле жөнүндө арыз (кабыл алуу) боюнча медициналык экспертиза түрүндө документтештирет, маалымкат сотто далил катары каралышы мүмкүн;
  • оорулууга амбулатордук медициналык китепчеден же стационардык картадан көчүрмө берет.

Социалдык өнүктүрүү органдары:
  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо жаатында жардам көрсөтүшөт;
  • жабырлануучунун макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кайрылуу жөнүндө ички иштер органдарына билдиришет;
  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды түзөтүү программасына жөнөтүшөт.

Билим берүү уюмдары:
  • жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына билдиришет;
  • ата-энелерге үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү):
  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүнү уюштурат;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктун коркунучу жөнүндө ички иштер органдарына билдиришет;
  • ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды дароо коопсуз жайга жайгаштырууга көмөк көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы:
  • үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча аракетсиздиги (аракети) үчүн кызмат адамын тартиптик, администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө прокуратурага же сотко кайрылат.

Кризистик борборлор:
  •    үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоо жана жардам көрсөтөт.

Ар бир өзүн-өзү башкаруу органында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер, аялдар кеңештери түзүлүп, жардам көрсөтүүдө.

2021-жылдан баштап үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардам акысыз көрсөтүлөт.

Аялдар жардам сурагыла, бардык уюмдар сиздер үчүн акысыз иштейт!

Автор: Ю.А. Давыдова, «Шанс» Кризистик борборунун психологу



Бул басылма «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» КФ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, БУУнун жана Европа биримдигинин «Теңдик нуру» биргелешкен демилгесинин алкагында БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоо көрсөтүүсү астында даярдалды.


Кыргызча жүктөө


[1] Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Саламаттык сактоо министрлиги [Кыргыз Республикасы] жана ICF International 2013. Кыргыз Республикасынын демографиялык жана ден соолук изилдөөсү 2012. Бишкек, Кыргыз Республикасы жана Calverton, Maryland, АКШ: Улуттук статистика комитети, жана ICF International