Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял адам ɵлтүргүчтүн курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Биз коопсуз ɵлкɵдɵ жашагыбыз келет! 

СООРОНБАЙ ШАРИПОВИЧ, АЯЛДАРДЫН ӨЛТҮРҮЛҮШҮН ТОКТОТУӉУЗЧУ! 

Биз, Кыргызстандын аялдар уюмдарынын ɵкүлдɵрү, РИИБдин имаратында уурдаган эркектин колунан кɵз жумган Турдаалы кызы Бурулайдын туугандарынын жана жакындарынын азасын тең бɵлүшɵбүз жана терең кайгыруу менен кɵңүл айтабыз. 

Биз, күйɵɵлɵрүнүн колунан эрксизден кɵз жумган, зордуктоодон кийин кɵз жумган жана ала-качуунун же мажбурлап никеге тургузуунун кесепетинен улам ɵз жанын кыйган бардык аялдар үчүн аза күтɵбүз жана аларды унутпайбыз.

Жалпы ɵлкɵ боюнча жүздɵгɵн аялдар уюмдары зомбулукка каршы мыйзамдарды илгерилетүү менен, аялдардын укуктук маалыматтуулугу жаатында иштерди алып барып, зомбулуктун жабырлануучуларына убактылуу баш калкалоочу жай берип, аларды соттордо коргоп, кампанияларды ɵткɵрүшүүдɵ,  мунун баары коомчулуктун аялдарга карата зомбулук кɵйгɵйүнɵ карата мамилесин ɵзгɵртүү үчүн жасалууда, биздин жана сиздин кыздарыбызга, апаларга, эже-сиңдилерге, карындаштарга жана жɵн гана жардамга муктаж болгон аялдарга акыйкат мамиле жасалышына бардык күчтɵрүн жумшап, жалпы адамзаттык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылууга аракеттенишүүдɵ .

Бүгүнкү күндɵ аялдардын кɵпчүлүгү зомбулукка чыдай берүүнү каалабайт экендиктерине күбɵ болуудабыз жана алар укук коргоо органдарынан коргоо издеп ачык кайрылышууда. Жана да Бурулайдын окуясы кɵрсɵтүп тургандай, бир гана аялдар ɵздɵрү эмес, үй-бүлɵлɵрү,  анын ичинде алардын аталары мажбурлап никеге тургузууга чечкиндүү түрдɵ каршы туруп жаткандыктары ɵзгɵчɵ маанилүү жана ɵз кыздарынын укуктарын коргоого даяр. 

Тилекке каршы, бизге белгилүү болгондой, окуя кайгылуу аяктады – жабырлануучуларды коргоого милдеттүү мамлекеттик орган Бурулайдын коопсуздугун камсыз кыла алган жок.  Мыйзам кармоо бɵлүгүндɵ аткарылды, бирок процедуралар бɵлүгүндɵ аткарылган жок. Мыйзамды аткарылбагандыгынын негизги себеби эмне болгону бизге белгисиз. 

Бирок, бизге жабырлануучуну уурдаган жарандын жанында чогуу калтырган кыжырды кайнаткан мындай акты – бул аялдын үстүнɵн  зомбулукка жол берүү же ага колдоо кɵрсɵтүү экендиги белгилүү,  ал      андан наркы дене бойлук азаптанууларды жасоо коркунучуна, бул конкреттүү окуяда ɵлтүрүүгɵ алып келди. 

Милициянын айрым кызматкерлеринин процессуалдык ченемдерди колдонуудагы кесипкɵйсүздүктɵрү,  аялдар уюмдарынын аялдардын укуктарын коргоо менен, учурда жыныстык жактан кул катары колдонулуп жаткан, кыйноолорго кабылган, зордукталып, уруп-сабоону баштарынан кечирип жаткан, ошондой эле ар күн сайын психикалык жана дене бойлук азаптануулар менен басмырлоолорго кабылып жаткан жабырлануучуларга жардам берүү аркылуу аларды жардам сурап кайрылууга жасаган чакырыктарын,  кылган бардык аракеттерин жокко чыгарууда.

 БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жок кылуу жɵнүндɵ конвенциясына ылайык (Кыргыз Республикасы 1996-жылы кошулган), аялдарга карата зомбулук актылары  мамлекет тарабынан же мамлекеттин кɵрүп, билип туруп кылмышка жол берүүчүлүгүнɵн улам жасалышы мүмкүн. Демек, сɵз бир гана кайдыгер, шалаакы мамиле жɵнүндɵ эмес, мамлекеттик органдар тарабынан аялдарга карата зомбулук жɵнүндɵ болуп жатат. 

№ 19 Жалпы сунуштама (БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жок кылуу боюнча комитети тарабынан 1992-жылы кабыл алынган) мамлекеттин тиешелүү  этияттыкты, аярдыкты сактоо милдетин аныктайт. Бул милденттенменин алкагында, мамлекеттер аялдарды зомбулуктан коргоо жана зомбулуктун алдын алуу боюнча, зомбулук актыларынын жасалышына  жооптуу жарандарды жазалоо боюнча, ошондой эле   зомбулуктун жабырлануучуларына компенсация тɵлɵп берүү жаатында позитивдүү чараларды кабыл алууга милдеттүү болуп эсептелет. 

Конвенциялардын жана Адам укуктары боюнча пакттардын ченемдерине ылайык, мамлекеттин укук бузууну токтотуу үчүн этияттык менен тиешелүү деңгээлде кам кɵрбɵгɵн ɵкүлдɵрү бул кылмыш үчүн толук түрдɵ жоопкерчиликке тартылышы керек. 

Биз Кыргызстандын аялдар кыймылынын активисттери, 

  • Аялдардын никеге туруу эркиндигине, коопсуздукка жана жашоого болгон конституциялык укуктарынын кепилдиги катары Кыргыз Республикасынын Президентин;
  • Эл тарабынан шайланган, аялдар менен кыздардын кызыкчылыктарынын ɵкүлү катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тɵрагасын;
  • Аялдар менен кыздардын укуктарын коргоого жооптуу катары Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин, Турдаалы кызы Бурулайга тиешелүү кайгылуу окуяга коомдук баа берүүгɵ  чакырабыз.

Биз Сиздерге кайрылабыз, Урматтуу Сооронбай Шарипович, Дастанбек Артисбекович, Мухаммедкалый Дуйшекеевич жана талап кылабыз: 

1. Аялдар уюмдарынын катышуусу менен тезинен жыйын ɵткɵрүүнү.

2. Турдаалы кызы Бурулайдын Жайыл РИИБинин ичинде ɵлтүрүлүшү боюнча обьективдүү, ар тараптуу иликтɵɵнү камсыз кылууну жана бардык күнɵɵлүүлɵрдү ɵтɵ кыска мɵɵнɵттүн ичинде акыйкат жазалоо ɵкүмүн чыгарууну. 

3.  Мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу уятсыз мындай кɵрүнүштɵр менен күрɵшүү боюнча конкреттүү аракеттердин планын аныктоону жана бүгүнкү күндɵ  милициянын ичинде гана эмес, ошондой эле сот залдарында жана прокуратурада басмырланып, сабалып жана ɵлүмгɵ дуушар болуп жаткан аялдардын коопсуздуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды кɵрүүнү ишке ашырууну талап кылабыз.

 Кыргыз Республикасындагы статистика жана мыйзамдар

Кыргыз Республикасында аялдарга карата зомбулук курч социалдык кɵйгɵйлɵрдүн бири болуп эсептелет, зомбулук аялдардын укуктарынын бузулушуна алып келүүдɵ жана алардын ɵмүрлɵрүнɵ, ден соолуктарына коркунучтарды жаратууда. Акыркы 20 жылдын ичинде гендердик зомбулуктун   кыздарды никеге туруу үчүн уурдоо, жыныстык зомбулук, үй-бүлɵлүк зомбулук, ɵспүрүм курагындагы никелер жана кɵп аялдуулук сыяктуу формалары жайылып тарап кетти. 

 Кызды никеге туруу үчүн мажбурлоо аракети эл аралык актылар тарабынан адамдын негизги укуктарынын бири болгон – жеке кол тийбестик укугунун бузулушу катары каралат. Адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык, ар бир аял түгɵйүн тандоо эркиндигине ээ жана ɵз эрки менен никеге турууга укуктуу. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, бир дагы нике никеге туруп жаткан жарандардын экɵɵнүн тең бирдей ыктыярдуу жана бирдей макулдугусуз түзүлбɵшү керек.

 Кызды эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоого  — 5 жылдан  7 жылга  чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.   17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн  уурдагандыгы үчүн  5 жылдан  10 жылга  чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы колдонулат.   

Кыргыз Республикасында никелердин  20 проценттен ашыгы   кыз уурдоо жолу менен ишке ашырылат (кыздын макулдугу менен жана макулдугусуз дагы), зомбулуктуу никелердин  үлүшү 6 процентти түзɵт. Ошондой эле,   кызды никеге туруу үчүн уурдоо шаарларга караганда айыл жерлеринде 2 эсеге кɵбүрɵɵк кайталанат.

Коомдун аң-сезиминде кыздарга аларды уурдаган адамдан кетип калууларына жана алардын үстүнɵн укук коргоо органдарына арызданууга жол бербеген стереотиптик кɵз караштар бар – уурдоого кабылган жүз кыздын ичинен үчɵɵнɵн ашык эмеси гана укук коргоо органдарына кайрылышат.

Уурдап кеткен адамдын үйүнɵ барып келген кыз кыздык белгисин жоготту деп эсептешет, ошондуктан коомдук пикир кыздарды уурдаган адамдын үйүнɵ калып калууга мажбур кылат. Уррдаган адамга күйɵɵгɵ чыкпаган кыз жамааттын ичинде талкууга алынат, мунун кесепетинен улам анын жашоосу жана үй-бүлɵ куруусу татаалданат. 

Акыркы 3 жылдын ичинде 80ден ашык  кыз никеге туруу үчүн уурдоо жана мажбурлоо фактылары боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок, бул кайрылуулардын маанилүү бɵлүгү алдын ала тергɵɵ учурунда  кыскартылып калган болсо, мындай иштердин үч бɵлүгү соттор тарабынан  кыскартылып кетет. 

Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 × 1 =

CAPTCHA image
*

0 Поделились
+1
Tвитнуть
Поделиться
Поделиться