Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге ачык кат

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге ачык кат

 Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

«Кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту биргеликте жок кылабыз!» коомдук кыймылы Сиздин балдардын кызыкчылыктарын коргоо  жана ѳспүрүмдѳрдү зомбулуктан, аёсуз мамиле жасоодон коргоо жаатында берилгендик менен жасап жаткан аракеттериңизди жана камкордугуңузду жогору баалайт.

Ѳспүрүм кыздарды мажбурлоо жолу менен никеге тургузуунун  коркунучтуулугун жана  кыйратуучу залакаларын эске алып,  2016-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  кыздарды ѳспүрүм курагында никеге турууга мажбурлоодон  коргоого багытталган мыйзамды  3-окууда кабыл алышып, Сизге кол коюу үчүн жѳнѳтүштү. Мыйзам никеге турууга мажбур болуп жаткан жашы жете элек ѳспүрүмдүн  ата-энесине, нике кыюу  каадасын жасап жаткан адамга, ошондой эле жашы жеткен ѳспүрүм менен никеге туруп жаткан  адамга карата кылмыш ишин караштырат.

Биз жарандык активисттер, Конституциянын кепилдиги катары Сизге бул мыйзамга кол коюуңузду  жана аны ишке киргизүү  ѳтүнүчү менен кайрылабыз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында  никеге турууга  жана үй-бүлѳ курууга бир гана никелешүү жаш-курагына жеткен жарандар укуктуу деп жазылган.  Бир дагы нике никелешип жаткан эки тараптын тең ѳз ыктыярысыз жана бирдей макулдугусуз жүзѳгѳ ашырылбайт, нике мамлекет тарабынан катталат.

Кыргыз Республикасынын Үй-Бүлѳ кодексинде  никелешүү жаш-курагы 18-жаш  деп белгиленген. Бирок, акыркы жылдарда республикада ѳспүрүм курагындагы кыздарды никеге турууга мажбурлоо кѳрүнүштѳрү ѳсүп жатат. Улуттук статистикалык комитеттин жана ЮНИСЕФтин кѳрсѳткүчтѳрүнѳ ылайык, 2014-жылы Кыргызстанда 15-жаш-курагына чейинки 6 миң кыз, ошондой эле 18-жаш-курагына толо элек 160 миң кыз турмуш курууга мажбур болушкан. Ѳспүрүм кыздардын арасындагы никеге туруу тенденциясынын ѳсүп бара жаткандыгын саламаттыкты сактоо министрлигинин кѳрсѳткүчтѳрү дагы далилдеп турат, анда никелешүү жаш-курагына чейинки тѳрѳттѳрдүн  санынын ѳсүп жаткандыгы  маалымдалат. Маселенин олуттуулугу жана калктын мыйзам деңгээлиндеги чараларды кѳрүү зарылдыгы менен макул экендиги 2016-жылы  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан жүргүзүлгѳн «Гендердин коом тарабынан кабыл алынышы» деген  изилдѳѳдѳ белгиленген.

Ѳспүрүм курагында никеге туруу кыздардын укуктарын одоно түрүндѳ бузуу болуп эсептелет, анткени кѳпчүлүк учурларда мындай никелер мажбурлоо, ала качуу жолу менен ишке ашырылат жана сексуалдык зомбулук менен коштолот.

Тилеке каршы, кѳпчүлүк учурларда  мындай никелердин демилгечилери ѳздѳрүнүн ѳспүрүм курагындагы кыздарын турмуш курууга   мажбурлаган ата-энелер болуп жатат, ата-энесине каршы турууга мүмкүнчүлүгү жок ѳспүрүм никеге турууга  баш байлоодо. Тажрыйба мындай тагдырга туш болгон кыздар мектептеги окуусун таштоого аргасыз болуп, алардын кѳпчүлүгүнүн адистиги жок калып  жана ажырашуудан кийин балдары менен кѳчѳдѳ калып жаткандыгын кѳрсѳтүп жатат.

Ѳспүрүм кыздардын катышуусундагы никелердин жайылышына жана жалпы коомдун алдында мындай никелерге  үстүртѳн легитимдүүлүк макамын берүүгѳ диний конфессиялардын ѳкүлдѳрү ѳзгѳчѳ роль ойноп жатат, алар Конституциянын жана Үй-Бүлѳ кодексинин талаптарын бузуу менен ѳспүрүмдѳрдүн катышуусундагы диний жактан нике кыюу  каадасын ишке ашырышууда.

2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын Туруктуу ѳнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы балалыкты сактоонун мамлекеттик кепилдиги принциптерине негизделген, ѳспүрүм курагындагы никелерди токтотуунун актуалдуулугу КРнын 2020-жылга чейин гендердик тең укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегиясына киргизилген.

Ѳспүрүм курагындагы никелерди азайтуу, эненин жана баланын ден-соолугун коргоо боюнча чараларды кѳрүү 2020-жылдарга чейин Кыргыз Республикасынын калкынынден соолугун сактоо жана чыңдоо стратегиясында дагы каралган («Ден-Соолук 2020»).

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү мамлекеттик органдан расмий түрдѳ каттоодон ѳтпѳй туруп, диний жактан нике кыюу  каадасын ишке ашырууга тыюу салган мыйзамды  кабыл алууну 2015-2017-жылдарга карата КРнын Гендердик тең укуктуулукка жетишүү боюнча Улуттук аракет планына киргизген, ал 20.11.2015 №Р786-токтому менен бекитилген.

Ѳспүрүм кыздарды эрте никеге туруудан сактоого багытталган мыйзам чегиндеги ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүнүн, ошондой эле никелешүү расмий түрдѳ катталгандан кийин гана диний нике кыюу каадасын ишке ашырууга багытталган мыйзам ченемдерин кабыл алуунун зарылдыгы жѳнүндѳ сунуштамалар БУУнун адам укуктары, аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлѳрүн жок кылуу, балдардын укуктары  боюнча комитеттеринин эскертүүлѳрүндѳ, ошондой эле аялдарга карата зомбулук (2010-ж.), балдарды сатуу маселелери, балдар сойкулугу жана балдар порнографиясы (2013-ж.) боюнча БУУнун расмий баяндамачыларынын сунуштамаларында камтылган.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) ѳзүнүн 2015-жылы   аткарылган иштери боюнча даярдаган баяндамасында КРнын Жогорку Кеңешинин алдында ѳспүрүм курактагы жана расмий катталбаган никелердин санын азайтуу боюнча мыйзам чегиндеги чараларды кѳрүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳгү маселени кѳтѳрдү.

Сизге кол коюу үчүн сунушталган мыйзам никени юридикалык жактан каттабай туруп, диний нике кыюу каадасын ишке ашыруунун жайылып бара жаткандыгы боюнча биздин ѳлкѳнүн ѳзгѳчѳлүгүн эске алат, ѳспүрүм курагындагы никелердин санынын кѳбѳйүшүнѳ салымын кошуп жаткан ата-энелер менен диний ѳкүлдѳрдү жоопко тартуу менен кылмыш-жаза кодексиндеги мүчүлүштүктѳрдү толуктайт.  Мыйзамды иштеп чыгууда жана кабыл алууда мамлекеттик органдардын, коомчулуктун, жарандык активисттердин, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын жана дин жамаатынын ѳкүлдѳрү менен коомдук талкуулар жана кеңешмелер ѳткѳрүлдү. Алардын баардыгы бир пикирге келишти жана мыйзам долбоорун колдошту.

Бүгүнкү күндѳ кыздардын тагдыры Сиздин колуңузда,  кыздардын келечеги жана биздин ѳлкѳнүн келечеги Сиздин чечимиңизден кѳз каранды.

Биз, Сиз биздин ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүн, биздин кыздарыбыздын ѳнүгүүсүн, кыздар билим алып адистикке ээ болууларын, зомбулуктан эркин жашап, ѳздѳрүнүн никелешүү жаш-курагына жетүү жана ѳмүрлүк жубайын эркин тандоо укуктарына ээ болууларын колдой тургандыгыңызга ишенебиз.

Дал мына ушундай кыздар жана аялдар биздин ѳлкѳнүн экономикалык жактан дүркүрѳп ѳсүшүнѳ салым кошууга жана улуттун жаркын келечегин курууга жѳндѳмдүү.

 

  1. ««Кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту биргеликте жок кылабыз!» UNITE  кыймылы – 124 адам;
  2. Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы;
  3. Демократиялык процесстерди изилдѳѳ борбору;
  4. Кыргызстандын кризистик борборлорунун ассоциациясы;
  5. «Сезим» кризистик борбору;
  6. «Ачык жол» коомдук фонду;
  7. Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы;
  8. Аялдарга жардам берүү борбору;
  9. «Шанс» кризистик борбору, Бишкек шаары;
  10. «Ак-Жүрѳк» кризистик борбору, Ош шаары;
  11. «Энсан-Диамонд» бейѳкмѳт уюму, Ош шаары;
  12. «Лидер» бейѳкмѳт уюму, Каракол шаары;
  13. «Каниет» кризистик борбору, Жалал-Абад шаары;
  14. «Аруулан» кризистик борбору, Ош шаары;
  15. «Муун-инсан» коомдук фонду, Бишкек шаары;
  16. «Бир-Дүйнѳ-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы;
  17. «Биздин кылым» коомдук фонду;
  18. «ДИА» коомдук бирикмеси, Ош шаары;
  19. «Алга» коомдук бирикмеси, Ысык-Ата району;
  20. «ШАЗЕД» коомдук бирикмеси;
  21. КРнын Экономика министрлигинин алдындагы Коомдук кеңеши;
  22. «Мээрбан» кризистик борбору, Ош шаары;
  23. «Дүйнѳнүн аялдар банкы» коомдук бирикмеси, Ноокат шаары;
  24. «Адамзат ден соолугу» коомдук фонду, Түп району;
  25. «Доор эли» коомдук фонду, Нарын шаары;
  26. «Леди Ширин» Кара-Буура району;
  27. «Шоола-Кѳл» Жети-Ѳгүз району;
  28. «Пир Соломон», Нарын шаары;
  29. «Маана» кризистик борбору, Талас шаары;
  30. «Ѳмүр булагы» коомдук фонду, Баткен облусу;
  31. «Умай-эне» коомдук бирикмеси, Чүй облусу;
  32. Аялдардын ресурстук борбору, Токмок шаары;
  33. Репродуктивдик ден-соолук боюнча борбору, Бишкек шаары;
  34. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук кеңеши;
  35. «Y-peer» коомдук кыймылы;
  36. «Эрайым» коомдук бирикмеси, Аламүдүн району;
  37. КРнын Эмгек жана социалдык жактан ѳнүктүрүү министрлигинин Коомдук кеңеши;
  38. «Лейлек аялзаты» Лейлек району;
  39. «Вентус» коомдук бирикмеси, Каракол шаары;
  40. Гендердик изилдѳѳлѳр борбору, Бишкек шаары;
  41. КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Коомдук кеңеши;
  42. «Ачык-айкын бюджет үчүн» альянсы;
  43. «Ордолу Мырзаке» Ѳзгѳн району;
  44. «Айкѳл» жарандык демилгелер борбору, Талас шаары;
  45. «Аксаткын» коомдук бирикмеси, Ноокат району;
  46. «Элет айым» коомдук бирикмеси, Нарын району;
  47. Жалал-Абаддын лидер аялдарынын ассоциациясы;
  48. «Инновациялык чечимдер» коомдук бирикмеси, Бишкек шаары;
  49. «Гүлмайдан» коомдук бирикмеси, Ноокат району.
  50. THE GRACE коомдук бирикмеси;
  51. Кыргызстандын кыздарынын улуттук федерациясы, NFFCK;
  52. АЮЛ, «Жарандык коомго колдоо кѳрсѳтүү борборлорунун ассоциациясы»;
  53. Кыргызстан ХэлпЭйдж;
  54. «Курбу» коомдук фонду;
  55. Социалдык технологиялар агенттиги;
  56. Соmmunity Development Alliance»;
  57. Ысык-Кѳлдүн аялдар жамаатынын ассоциациясы жана Каракол шаарынын гендердик борбору;
  58. «ДИА» коомдук бирикмеси
  59. «Вестники Мира» коомдук бирикмеси

Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять × 3 =

CAPTCHA image
*

0 Поделились
+1
Tвитнуть
Поделиться
Поделиться