Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш Атамбаевге ачык кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

 

Биз, жарандык коомдун активисттери Сизге, мамлекет башчысы, элди биримдикке чакырган  жана мамлекеттик бийликтин жүзү катары Сизге 2017-жылдын  31-мартында кол коюу үчүн жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана камкордукка алуу»  жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого алууӊузду суранабыз.

Акыркы мезгилде коомубузда үрөй учурган үй-бүлөлүк зомбулуктар жакын адамдар тарабынан жасалып  жаткандыгы чоочулатат…  Кемин районунда бир нече жыл  боюу атасы кыздарын зордуктап келген… Эки жаштагы Ибрагимди жакын туугандары сабап гана тим болбостон, зордуктаган… Күйөөсү балдарынын көзүнчө аялын өлөөрчө сабап салган… Мас болгон атасы үч жашар кызын зордуктап, кескилеген….Ушундай окуяларды улай берсе түгөнчүдөй эмес, дал ушундай жаман кабарлар Кыргызстандын ММК  менен маалымат агентиктеринде күн сайын жарыяланып  келет.

Дагы канчалаган өзгөчө көӊүл бурууга муктаж аярлуу үй-бүлөлөрдө – балдар, улгайган, майып адамдар, аялдар кооптуу абалда калып, жакын тууганы, же үй-бүлө мүчөсүнүн бири болгон зөөкүр адамдын  узак убакытка созулган басмырлоосуна чыдап келет?  Уят деп жашырып, унчукпай, чыдап жашап жатышат… Дагы канчалаган үй-бүлөлөрдө кан төгүлгөн кылмыштар жакын адамдарынын колу менен жасалат?

Тилекке каршы, үй-бүлөлүк зомбулук Кыргызстанда гана эмес, башка коомдо дагы, алтургай дүйнөнүн экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүндө дагы кеңири  кулачын жайып, жыйынтыгында зордуктоо, адам өмүрү кыйылып, анын ичинде жаш балдар кордолууда.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун өзгөчөлүгү жабыр тарткан адамдар коркуп, уялып, туугандык байланышта турган адамына карата даттана албай, чоочун адамдар тургай, мамлекеттик органдарга дагы кайрылышпайт. Өсүп келе жаткан жаӊы муунга таасир этүүчү  эң коркунучтуу өнөкөт – бул  үй-бүлөдөгү зомбулук экени аныкталган. Күйөөсүнөн таяк жеген аял, басмырланып, социалдык жашоого толук кандуу аралаша албай калат. Таяк жеп, запкы көргөн эне коомду өнүктүрүүгө салым кошуучу күчтүү, эркин ой-жүгүрткөн балдарды тарбиялай албайт. Мындан тышкары, зомбулук жасалган үй-бүлөдөгү адаттар  кайталана тургандыгы илимий жактан дагы аныкталган. Балдар ата-энелеринен зөөкүрлүктүн үлгүсүн көчүрүп алышып, аны этибар албастан келечектеги үй-бүлөсүндө колдонушу толук ыктымал.

Үй-бүлөдөгү зомбулук бир гана адамдын дараметин төмөндөтүп эле тим болбостон, мамлекеттик казынага дагы залакасын тийгизет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, адам үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан өмүрү менен кош айтышкандыгы үчүн мамлекеттик казына  түздөн түз 1,6 миллион сом чыгаша тартат.

Ошондуктан, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда көптөгөн коомдук, парламенттик талкуулар жана мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кеңешүүлөр жүргүзүлдү. Бардык катышуучулар мыйзам долбоору тарабынан киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолорду  бүгүнкү күндө   кечиктирбестен, тез аранын ичинде иш жүзүнө   ашыруу зарылдыгы бар экени  белгилешкен.

2017-жылы 16-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана камкордукка алуу» боюнча мыйзам долбоору бир добуштан кабыл алынып, демилгечи топко  ар бир төртүнчү эл өкүлү кирген (28 депутат).

Айта кетчүү жагдай,  2003-жылы КРнын « Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоого алуу» боюнча кабыл алынган мыйзам жарандык коом тарабынан демилгеленип чыгып, өз убагында аны Кыргызстандын 36 миң жараны колдоп чыкккандыгы менен өзгөчө мыйзам болуп саналат.

Сизге кол коюууга жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунун иштеп жаткан мыйзамдан айырмачылыгы, мында мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча  иш-милдеттери зомбулукту алгачкы баскычтарында аныктоого, өлүмгө жеткирбөөгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинде 2014-2015-жылдар аралыгында үй-бүлөлүк чыр чатактын негизинде 481 кылмыш иши  козголуп, анын ичинде үй-бүлөлүк  жаңжалдан  36 адам  өлүмгө дуушар болгондугу катталган.

Ошондой эле,  мыйзам долбоору жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын зомбулуктун алдын алуудагы жоопкерчиликтерин жогорулатып, бийлик менен элди байланыштыруучу жакын көпүрө катары  маанилүү роль ойнойт.

Жаңы киргизилип жаткан мыйзам долбоору  25 млн.сомго эсептелген. Мамлекеттик бюджет  үчүн 25 млн.сом деген эмне? Жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактоо үчүн 25 млн.сом табылбай калабы? Же, бул көйгөйдү көрбөй “акча жок” деп жашоону уланта беребизби?

Мамлекет зордук-зомбулук көрүп, басмырланып, сабалган балдар, аялдар, майыптар жана улгайган адамдарды коргоп, камкордукка алуусу –  бүгүнкү Сиздин чечимиңизден көз каранды, анткени, мамлекеттик органдардан жардам күткөн адамдар үй-бүлөсүндөгү жеке маселелерин өз алдынча  чечүүгө кудуреттери  жетпейт.

 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

 

Сизди мамлекет башчысы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгесин колдоп, бул мыйзамга кол коюп,  жеке Өзүӊүздүн эрктүү чечимиңиз менен аткаруу бийлигин каражат таап,  үй-бүлөлүк зомбулукту алгачкы баскычында алдын алуу менен коомубуздун эң аярлуу катмарын өлүмгө жеткирбөөгө, ага бөгөт коюууга милдеттендиресиз деп ишенебиз!

 

  1.  UNITE «Зомбулукту БИРГЕ ЖЕНЕБИЗ!» кыймылы
  2. “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” КФ
  3.  Кыргызстандын кризис борборлорунун ассоциациясы
  4. «Ачык линия» КФ
  5. Кыргызстандын кыздарынын улуттук федерациясы, NFFCK
  6. «ДИА» КФ (Ош шаары)
  7.  “Жаңыл Мырза” КБ (Баткен шаары)
  8.  «Аялдарга жардам берүү борбору» КБ
  9.  «Гендердик маалымат берүү борбору»ассоциациясы
  10. “Сезим” КБ
  11.  “Акылкарачач” КБ ( Ош облусунун Алай району)
  12.  “Эл Пикир”
  13.  “Теңдеш» (Нарын шаары)
  14.  Жарандык Коомду колдоо борборунун ассоциациясы
  15.  «Инновациялык чечим» КБ
  16.  “АК-Жүрөк” КБ (Ош шаары)
  17.   «Эл агартуу» КБ
  18.  «Достор» КБ
  19.  «Кыргыз Индиго»коомдук уюму
  20.  “Аялзат”  (Каракол шаары)
  21.   «21-кылымда жаштарга ден-соолук жана билим» КФ
  22.  «Y-peer» жаштарды теңчиликте окутуу түйүнү
  23.   “Мээрбан” КБ (Ош шаары)
  24.   КБ CDA (Community Development Alliance)
  25.   Кыргызстандын өкмөттүк эмес аялдар форуму
  26.   “Аруулан” КБ (Ош шаары)
  27.   «Балдардын укуктарын коргооо Лигасы» КФ
  28.   Гендердик борбор (Каракол шаары)
  29.  Ысык-Көлдүн аялдар бирикмесинин ассоциациясы
  30.   “Алга” КБ ( Кант шаары)
  31.  «Эркектер зомбулукка каршы» КФ
  32.  “Ариет” КФ (Жалал-Абад шаары)
  33.   “Социалдык технологиялар Агентствосу” КБ
  34.  “Алтынай”  КБ (Чолпон-Ата шаары)
  35.  “Маана”  КБ (Талас шаары)
  36.  “Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбору”
  37.  “Каниет” КБ (Жалал-Абад шаары)
  38.  «Бишкек Феминистик Демилгеси»КФ
  39.  “Шанс” КБ
  40.  «Таис Плюс» КБ
  41.   «Шах Айым» түйүнү
  42.  “ КР Чыгыш-Батыш СПИД Фонду”
  43. «the GACE» КБ
  44.  «Өзгөрүү» КФ
  45.  “Лабрис»  КБ
  46.  «Астерия»  КФ
  47.  «Ганеша» КФ
  48.   “Астерия” КФ

Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9 + 2 =

CAPTCHA image
*

0 Поделились
+1
Tвитнуть
Поделиться
Поделиться